Ош шаарынын Көкүм-Бий көчөсүндө жаңы төшөлгөн асфальт алынып, кайра жаңысы төшөлөт. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. Маалыматка ылайык, буга жолдун алдынан суу чыгып, саз пайда болгону себеп болгон.
Жолду бойлой аккан каналдан суунун деңгээли көтөрүлүп, жолго тээп кеткен. Натыйжада асфальттын сапатына доо кетип, адистер текшергенден кийин аны кайра басуу чечими кабыл алынды. Аткаруучу компания жолду өз эсебинен кайра оңдой турганы белгиленди.



