Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Учурда парктар курула турган жерлер аныкталды.
Жаңы эс алуучу жайлар мурда каралбай калган, эски көп кабаттуу үйлөрдүн жанында шаардын ар бир аймагына курулат. Жашыл аймакта балдар аянтчасы, отургучтар, жарыктандыруу жана жашылдандыруу каралган.
Курулуш иштери жакынкы күндөрү башталып, 5-октябрь Ош шаарынын күнүнө карата пайдаланууга берилет.
Эске салсак, буга чейин түштүк калаада 10 жаңы сквер ачылган.



