Ош жана Худжанд шаарларында Башкы консулдуктар ачылат

Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

 

Маалыматка ылайык, Кыргызстандын Консулдук департаментинин директору Сейтек Жумакадыр уулу менен Тажикстандын Кыргызстандагы элчиси Назирмад Ализода жолугушту.

 

Анын жүрүшүндө тараптар кыргыз-тажик кызматташтыгынын кеңири маселелерин, анын ичинде эки өлкөнүн мамлекет башчыларынын Ош жана Худжанд шаарларында Башкы консулдуктарды түзүү боюнча тапшырмаларын ишке ашырууну талкуулашты.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.