Ошто 10го жакын кафе жана тез татым жайы текшерилди.
Бул тууралуу шаардык мэрия билдирди. Текшерүү учурунда санитардык талаптардын бузулганы жана азык-түлүктүн сапатын тастыктаган документтердин жоктугу аныкталган.
Айрым жайлардын иши мыйзам бузуулар жоюлганга чейин убактылуу токтотулду. Мыйзамсыз иш жүргүзүү фактылары боюнча материалдар укук коргоо органдарына өткөрүлүп, бир катар жайлардын жетекчилерине жалпы тазалоо жана дезинфекция жүргүзүү тапшырмасы берилди.



