Ош шаарынын Төлөйкөн айыл аймактык башкармалыгында бала бакча ачылды. Муниципалитеттен билдиришкендей, мектепке чейинки билим берүү мекемеси 60 орунга чакталган.
Эки кабаттуу мекеменин курулушу республикалык бюджеттин эсебинен 2021-жылы башталган. Бүгүнкү күндө бала бакчанын ички жана сырткы жасалгалоо иштери толугу менен аяктап, зарыл жабдуулар менен камсыз болгон.
Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.



