Ошто 75 орундуу жаңы бала бакчанын курулушу башталды

Ош шаарында 75 орунга ылайыкталган жаңы бала бакчанын пайдубалына мезгил кутусу салынды.

 

Муниципалитеттен билдиришкендей, эки кабаттуу имаратта заманбап ашкана, жыйындар залы, медициналык жана уктоочу бөлмөлөр, жылытуу системасы каралган. Ошондой эле балдар үчүн коопсуз оюн аянтчасы курулат.

 

Бул аймакта буга чейин чакан жана эскирген бала бакча иштеп келген.