Ошто Абдувалиев көчөсү толук жаңыланып, пайдаланууга берилди

Ошто Абдувалиев көчөсү толук жаңыланып, пайдаланууга берилди.

 

Мэриянын маалыматына караганда, узак жылдар бою оңдолбогон жол жаан-чачында суу топтолуп, айдоочуларга жана жөө жүргүнчүлөргө ыңгайсыздык жаратып келген.

 

Капиталдык оңдоодон кийин узундугу бир чакырымга жакын жол 12 метрге чейин кеңейтилди. Жаңы асфальт төшөлүп, тротуарлар жана ирригациялык лотоктор курулду. Жакынкы убакта көчөгө түнкү жарыктандыруу орнотулуп, айланасы жашылдандырылат.