Ошто Арзыкулов көчөсү оңдоп-түзөөдөн өтүп, пайдаланууга берилди

Мэриянын маалыматына ылайык, аталган жолдун жалпы узундугу 300 метр, туурасы 10 метрди түзүп, эки тилкелүү болуп оңдолду.

 

Бир тарабына жөө жүргүнчүлөр үчүн тротуар, жашыл аймак каралып, ирригациялык лотоктор орнотулду.

 

Көчөнү оңдоп-түзөө иштери толугу менен жергиликтүү бюджеттин эсебинен каржыланды.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.