Ош шаарында бош орундар жана кесиптер жарманкеси өтөт. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, жарманке 29-апрель күнү саат 10:00дөн 13: 00гө чейин Султан Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрында болот.
Анда 40тан ашык компания ар кандай тармактарда 2 миңден ашык бош орундарды сунушташы күтүлүүдө.
Жарманкенин алкагында жумушка орношуу боюнча мастер-класстар жана кеңеш берүү сессиялары да уюштурулат, бул иш издегендерге ийгиликтүү жумуш табуу боюнча кошумча кеңештерди жана сунуштарды алуу мүмкүнчүлүгүн берет.
Байланыш телефондору: (0322) 7-03-67 , (0998) 09 90 18.
Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.



