Ошто дагы бир эс алуу жайы курулууда

Ош шаарынын Мамыров көчөсүндө дагы бир жаңы эс алуу жайы курулууда. Жергиликтүү мэриядан билдиришкендей, аймакта буга чейин мыйзамсыз жайгашкан унаа тетиктерин саткан жайлар жана бир катар соода түйүндөрү болгон.

 

Учурда алар толугу менен алынып, ордуна жөө жүргүнчүлөр үчүн ыңгайлуу тротуарлар салынууда. Мындан тышкары, аймак жашылдандырылып, арча көчөттөрү отургузулуп, түнкү жарыктандыруучу чырактар жана эс алуучулар үчүн отургучтар орнотулууда.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.