Ошто дагы бир көчө жаңыланып, пайдаланууга берилди

Муниципалитеттен билдиришкендей, Мамыров жана Абдыкадыров көчөлөрүн бириктирген Абдувалиев көчөсү толугу менен оңдолду.

 

Узундугу 1 чакырымга жакын жол 12 метрге чейин кеңейтилип, эки тилкелүү жолго жаңы асфальт төшөлдү.

 

Ошондой эле жөө жүргүнчүлөр үчүн өтмөктөр жана суу агызуучу лотоктор курулду.