Ошто электр энергиясын үнөмдөө боюнча чаралар күчүнө кирди. Шаар бийлиги тарабынан калкты үзгүлтүксүз жарык менен камсыздоо жана тармактарга ашыкча жүк келүүнү алдын алуу максатында бир катар чечимдер кабыл алынды.
Алсак, мектептерде кечки саат 7ден кийин электр энергиясы толук өчүрүлөт. Бардык мекеме, ишканалар кечки саат 6дан кийин бардык электр жабдууларын өчүрүүгө милдеттендирилди. Саламаттыкты сактоо жана укук коргоо мекемелеринде катуу чектөөлөр киргизилбегени менен, элеткр энергиясын үнөмдүү колдонуу сунушталды.



