Ош шаарынын Кызыл-Байрак айылына 500 орундуу жаңы мектеп куруу пландалууда. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.
Маалыматка ылайык, М.Маматалиев атындагы №60 мектеп 200 окуучуга ылайыкталганына карабастан, учурда анда 400дөн ашуун окуучу билим алууда.
Буга байланыштуу жергиликтүү тургундар жаңы мектеп куруу өтүнүчү менен кайрылышкан. Анын алкагында мектеп жана спорт зал курулмай болду.
Белгилеп кетсек, бул аймак өткөн жылы административдик-аймактык реформанын алкагында Ош шаарынын курамына кирген.
Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.



