Муниципалитеттен билдиришкендей, бул боюнча долбоор Кытайдын жарыктандыруу тармагындагы компания өкүлдөрү менен талкууланды. Алар өз каражатына Ош шаарынын көчөлөрүнө жана коомдук аймактарына күн энергиясында иштеген заманбап жарык берүүчү системаларды орнотууга даяр экени маалым болду.
Бардык монтаждоо иштерин, керектүү жабдууларды жана материалдарды компания толук камсыз кылып, ишке киргизгенден кийин техникалык тейлөөнү да жүргүзүүгө ниеттенүүдө.


