Ош шаарында көп кабаттуу турак үйлөрдүн айланасын көрктөндүрүү жана иретке келтирүү иштери уланууда. Анын алкагында көп жылдан бери колдонулбай турган гараждар алынып, аймактар бошотулуп жатканын мэрия кабарлады.
Учурда бул иштер Сулайман-Тоо муниципалдык аймактык башкармалыгынын аймагында жүргүзүлүп жатат.
Коммуналдык кызматтар көп кабаттуу үйлөрдүн короолорун тазалап, жараксыз болуп калган дарактарды кыюу, чөп-чар менен тикенектерди тазалоо иштерин аткарууда.



