Ошто күзүндө тарыхый-археологиялык “Сулайман-Тоо” комплексин ири реконструкциялоо башталат.
Долбоордун баасы 12 миллион долларды түзүп, ал Дүйнөлүк банктын колдоосу менен 2028-жылдын аягына чейин ишке ашырылат.
Курулуш министрлигинин маалыматына ылайык, музей жаңыланып, визит-борбор курулат, инженердик инфраструктура жана жөө жүрүүчү жолдор оңдолот. Реконструкция учурунда комплекс ишин токтотпойт. Оңдоо иштери жүргүзүлгөн айрым тилкелер гана убактылуу жабылып турат.



