Ошто мэриянын ишканаларына жаңы техникалар тапшырылды

Ош шаарынын мэриясынын ишканаларына жаңы техникалар тапшырылды. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.

Алты даана “HYUNDAI Porter” үлгүсүндөгү унаалар Red Petroleum компаниясы тарабынан алынып берилген.

Жаңы техникалар “Ош шаардык автоунаа”, “Ош свет”, “Оштогу көрктөндүрүү жана жашылдандыруу комбинаты”, “Ош шаарынын мэриясынын коммуналдык турак жай” муниципалдык ишканаларына жана Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик, Маданият башкармалыктарына бөлүштүрүлүп берилди.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.