Ошто муниципалдык жаңы айып токтотуучу жай курулуп жатат

Ош шаарында 60 унаага эсептелген муниципалдык жаңы айып токтотуучу жай курулуп жатат. Мэриянын маалыматына ылайык, долбоор жол кыймылынын коопсуздугун жогорулатууга, шаар ичиндеги унаа токтотууну жөнгө салууга багытталган.

 

Объект ишке киргизилгенден кийин жол кыймылын уюштурууну жакшыртуу жана айдоочулардын тартиптүүлүгүн жогорулатуу мүмкүн болот деп күтүлүүдө.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.