Ошто музыканын коштоосунда бийлеген оргума курулат

Оштогу Алымбек датка эс алуу жайында заманбап музыкалуу оргума курулат. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

 

Буга чейин бул жерде эски фонтан жайгашкан. Эми анын ордуна толук оңдолуп-түзөлүп, музыканын коштоосунда бийлеген заманбап фонтан орнотулат.

 

Оргуманын узундугу 50 метрге жетет жана жарык эффекттер менен жабдылат.