Ошто Папан ГЭСинин курулушу башталды

Ошто Папан ГЭСинин курулушу башталды. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, учурда курулуш аянтын даярдоо иштери жүрүүдө.

 

Суу дарбазасы жайгаша турган аянтты тазалоо аткарылды. Андан тышкары, адистер бетон конструкцияларын жайгаштыруу үчүн котлован даярдап жатат. Эске салсак, Папан ГЭСи Кара-Суу районунда орун алат. Станция жылына 113 миллион киловатт-саат электр энергиясын иштеп чыгат деп пландалууда.