Ошто “Тешик Таш” базарын жаңы борбордук базарга көчүрүү иштери башталды

Ошто “Тешик Таш” базарын жаңы борбордук базарга көчүрүү иштери башталды. Бул жолду кеңейтүүгө жана шаардагы транспорт кыймылын жакшыртуу үчүн жасалууда.

 

Түштүк калаа мэриясынан билдиришкендей, ишкерлерге көчүрүү тууралуу эртелеп эскертүү берилген. Учурда аларга жаңы соода аянттары берилип, көчүрүү иштерине шаар кызматтары тартылды.