Ошто жүзүн толук жапкан 300дөй адамга эскертүү берилди

Ошто жүзүн толук жапкан 300дөй адамга эскертүү берилди. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

 

Маалыматка ылайык, 23-24-апрель күндөрү калаадагы коомдук жайларда никаб кийип жүргөндөргө түшүндүрүү иштерин жүргүзүү иши уланды. Анын алкагында эреже бузган 300гө жакын адам аныкталды.

 

Эске салсак, быйыл январь айында кол коюлган мыйзамга ылайык, үймө-үй кыдырып даабат айткандарга, коомдук жайларда жүзүн жашырган кийим кийгендерге 20 миң сом айып салынат.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.