Ошто жаңы 3 тараптуу айланма жол курулуп бүттү.
Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти. Анда Навои көчөсү тарабынан 6 тилкелүү жол каралып, ал эми Айтиев көчөсү кеңейтилип, 6 тилкелүү форматка өткөрүлүүдө.
Жаңы альтернативалык багыт катары Көчкөнов көчөсү ачылып, ал аркылуу жаңы базарга түз кирүү мүмкүнчүлүгү түзүлөт. Айланма жолдун жалпы диаметри 25 метрди түзөт.



