Ошто жаңы көпүрө колдонууга берилди. Түштүк калаа мэриясынан билдиришкендей, объект Өзгүр жана Төлөкөн айылдарын бириктирет. Курулушка каражат жергиликтүү бюджеттен бөлүнгөн.
Долбоорду ишке ашырууга жалпысынан 8,5 миллион сом жумшалды. Буга чейинки көпүрө авариялык абалга келгендиктен, ал аркылуу өтүү кооптуу болуп калган.



