Ошто жаңы мектеп курулат. Түштүк калаа мэриясынан билдиришкендей, объект Мамытов көчөсүндө жайгашат. Буга чейин жер тилкеси муниципалитеттин балансына кайтарылган.
Окуу жайдын долбоору жакынкы күндөрү даярдалып, ага жараша шаар бюджетинен каражат бөлүнөт. Жаңы мектеп 1-сентябрга чейин курулуп бүтөт деп күтүлүүдө.



