Ошто жаңы жылдык дискотека уюштурулат

 Ош шаарынын борбордук аянтында 31-декабрь күнү «Жаңы жыл — 2023» аттуу концерттик салтанат өтөт. Бул туурасында мэриянын маалымат кызматы билдирди.
Иш-чаранын программасы:

12:00-13:00 — №1 Саид Бекмуратов атындагы Балдар музыкалык мектеби жаңы жылдык концерттик программасын тартуулайт;

13:00-14:00 — №2 Петр Чайковский атындагы Искусство мектебинин концерти;

14:00-15:00 — «Келечек» балдар чыгармачылык борборунун концерти;

15:00-16:00 — Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын мугалимдеринин жаңы жылдык концерттик программасы;

16:00-17:00 — Ниязалы Борошев атындагы Мамлекеттик музыкалык окуу жайынын концерти;

17:00-18:00 — Ош мамлекеттик университетинин искусство факультетинин концерти;

18:00-19:00 — Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин концерти;

19:00-20:00 — Ош шаардык маданият башкармалыгынын жаңы жылдык концерттик программасы;

Саат 20:00дөн тарта мэр Бакытбек Жетигенов баштаган жетекчилер элди Жаңы жылы менен аянтта куттуктап, азем фейерверк менен коштолот.

Андан соң жаштар үчүн ырлар жаңырып, дискотека уюштурулат.