Ошто жаңыланган унаа базары ачылды

Ошто жаңыланган унаа базары ачылды. Түштүк калаа мэриясынан билдиришкендей, алдыдагы үч күндө унааларды киргизүүдө төлөм алынбайт. Базардын аймагына асфальт төшөлүп, чатырлар орнотулуп, тамактануу жана административдик имараттар курулган.

 

Соода аймагы тосулуп, кире беришинде автоматтык төлөм системасы орнотулган.