Ошто Алымбек датка көчөсү убактылуу жабылат

Ош шаарындагы Алымбек датка көчөсү унаа кыймылы үчүн убактылуу жабык болот. Мэриядан билдиришкендей, оңдоо иштерине байланыштуу аталган көчөнүн А. Навои көчөсүнөн Мамажан көчөсүнө чейинки бөлүгү 12-июнга караган түнү жабылат.

 

Бул аралыкта Курманжан датка көчөсү убактылуу эки багытта, эки тилкелүү кыймыл үчүн пайдаланылат.

 

Белгиленгендей, аталган көчөдөгү көзөмөл камералары каршы тилкеге чыккан унааларды каттабайт. Бирок алар коопсуздук курун тагынбоо, жол чырак жана жөө адамдар өтүүчү тилкеге байланышкан жол эрежелеринин бузулуштарын аныктай берет.