Ош шаарында Осмонов жана Айтиев көчөлөрүнүн кесилишиндеги жаңы эстакадалык көпүрөнү Эгемендүүлүк күнүнө карата пайдаланууга берүү пландалууда. Бул тууралуу калаа башчы Жанарбек Акаев билдирди.
Анын айтымында, курулуш иштери сутка бою тынымсыз жүрүп жатат. Көпүрөдө унаа кыймылын болжол менен бир жарым айдан кийин ачуу мерчемделүүдө.



