Париждеги кафе кызыктуу кызматты ишке киргизди

Париждеги кафе кызыктуу кызматты ишке киргизди. Тамактануучу жайдын кардарлары өздөрүнө кат жазып, аны бир жылдан, беш, ал тургай 20 жылдан кийин ала алышат.

 

Кат мөөр басылып, почта кутусуна салынат. Кызматтын баасы сактоо мөөнөтүнө жараша болот: бир жылдан кийин жөнөтүлсө 15 евро, 5 жылдан кийин – 25 евро, 20 жылдан кийин ээсине жибериле турган болсо – 45 еврону түзөт.

 

Кафе ошондой эле кардар көчүп кетсе, жеткирүү дарегин жаңылоо мүмкүнчүлүгүн берет. Белгилеп кетсек, мындай кызмат абдан популярдуу болууда.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.