Парламент телефон сүйлөшүүлөрүн тыңшоого уруксат берген мыйзам долбоорун жактырды

Парламент телефон сүйлөшүүлөрүн тыңшоого уруксат берген мыйзам долбоорун жактырды. Жогорку Кеңеш телекоммуникациялык тармактардагы көзөмөлдү күчөтүүчү мыйзам долбоорун биринчи окууда кабыл алды.

 

Ага ылайык, укук коргоо жана коопсуздук органдары кылмыштарды ачуу жана тергөө иштеринин алкагында телефон сүйлөшүүлөрүн угуу, үн жаздыруу, камералар аркылуу байкоо жүргүзүү, интернет же байланыш каналдары аркылуу өткөн аудио/видеолорду көзөмөлдөө аркылуу маалыматтарды ала алышат.