Пиротехникалык буюмдарды жүгүртүүнүн жаңы эрежелери бекитилди

Кыргызстанда пиротехникалык буюмдарды жүгүртүүнүн жаңы эрежелери бекитилди. Бул боюнча Министрлер кабинети тиешелүү токтом кабыл алды.

 

Документке ылайык, мындан ары пиротехниканы атайын адистештирилген дүкөндөрдө гана сатууга уруксат берилет.

 

Ошондой эле затты колдонууда бир катар чектөөлөр киргизилди. Тактап айтканда, жумуш күндөрү түнкү саат 10дон таңкы 7ге чейин, ал эми дем алыш жана майрам күндөрү эртең мененки саат 9га чейин белгиленген үн басымынын жана ызы-чуунун деңгээлин жогорулатууга тыюу салынат.