Президент Садыр Жапаров бир нече аткаминерди кызматтан бошотуп, кайра дайындады

Президент Садыр Жапаров бир нече аткаминерди кызматтан бошотуп, кайра дайындады. Равшанбек Сабиров эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри кызматынан бошотулуп, Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директору болуп дайындалды.

 

Фархат Иминов Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директору кызматынан бошотулуп, Виртуалдык активдер жана блокчейнтехнологиялар чөйрөсүн өнүктүрүү боюнча улуттук кеңештин катчылыгынын жетекчиси болду. Дагы бир жарлыкка ылайык, Канат Сагынбаев эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин милдетин аткарат. Ал буга чейин Бишкек шаарынын мэриясынын аппарат жетекчиси болчу.