Президент Садыр Жапаров Эдилбек Тажимырзаевди Кара-Көл шаарынын мэри кызматынан бошотуп, ордуна Азамат Турдубековду дайындады

Президент Садыр Жапаров Эдилбек Тажимырзаевди Кара-Көл шаарынын мэри кызматынан бошотуп, ордуна Азамат Турдубековду дайындады.

 

Тажимырзаев бул кызматка быйыл 31-мартта эле дайындалган. 41 жаштагы Турдубеков мурда Чолпон-Ата шаарынын мэри болуп иштеген. Жапаровдун дагы бир жарлыгы менен Аксы районунун акими Максатбек Саргазаков кызматтан алынып, ордуна Азамат Намазалиев дайындалды.