Президенттин “Эл үмүтү” стипендиясы 26 адамга берилди

Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги билдиргендей алар дүйнөнүн алдыңкы университеттеринде илим, технология, билим берүү, экономика, мамлекеттик башкаруу, саламаттык сактоо жана башка багыттар боюнча билим алышат.

 

“Эл үмүтү” программасынын стипендиясын алып, чет өлкөлөрдө окуган кыргызстандыктар окуусун бүткөн соң мамлекетке беш жыл иштеп берүүгө милдеттүү болушат. Эгер келишимди бузса окуусу үчүн сарпталган каражатты төлөп бериши керек.