Республиканын бир катар шаарларында жана райондорунда ипотекалык турак-жайлар курулат. Мамлекеттик ипотекалык компанияга тиешелүү тапшырманы президенттин иш башкармалыгы берди.
Андан такташкандай, кеп Талас, Кара-Балта, Токмок, Сокулук, Айдаркен, Кемин жана Ысык-Ата райондору тууралуу болуп жатат. Мындай чечим аталган аймактардын жашоочуларын жеткиликтүү үй менен камсыз кылуу максатында кабыл алынды. Ошондой эле мамлекеттик ипотекалык уюмга коррупцияны алдын алуу чараларын көрүү тапшырмасы берилди.
Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.



