Республиканын тоолуу жана тоо этептериндеги райондордо сел жүрүү коркунучу бар. Кооптуу абал 27-июнга чейин сакталат. Себеби — туруксуз аба-ырайы жана нөшөрлөп жааган жаан.
Ошондой эле дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлөт. Жарандарга этият болуу сунушталат. Кырсык учурунда дароо 112 номерине чалуу керек.



