
Россия мигранттар үчүн медициналык кароодон өтүү эрежелерин күчөттү.
1-сентябрдан тарта Россия аймагында 90 күндөн ашык жүрүүнү пландаган чет элдиктер өлкөгө киргенден кийин бир айдын ичинде медициналык кароодон өтүшү керек. Буга чейин 3 ай убакыт берилген.
Андан тышкары, эмгек мигранттар жыл сайын кайталап медкароодон өтүп турууга милдеттендирилет. Процедурадан өтүүдөн баш таркандарга өлкөдөн чыгарууга чейинки чаралар көрүлөт.


