Россияда депортациядан кийин фамилиясын өзгөрткөн мигранттар тууралуу маалымат топтолот.
ТАСС агенттиги жазгандай, 2026-жылдын 1-мартынан тарта Россиянын Ички иштер министрлиги жана чек ара кызматтары өлкөгө кирүүгө тыюу салынган чет өлкөлүк жарандардын фамилиясы, аты-жөнү же туулган күнү өзгөргөнү тууралуу маалыматты федералдык кызматка бериши керек болот.
Мындай чара “өлкөгө кирүүгө уруксаты жок адамдардын тизмесин түзүүгө жана аларды чек арадан өткөрбөөгө” шарт түзөт. Эске салсак, соңку маалыматтар боюнча 90 миңдей кыргызстандык Россиянын “кара тизмесинде”.



