Россияда көзөмөлдөөчү реестрде 73 миң 278 кыргыз жараны калды

Россияда көзөмөлдөөчү реестрде 73 миң 278 кыргыз жараны калды. Тышкы иштер министрлиги Россияда көзөмөлдөөчү реестрге түшүп калган кыргызстандыктардын акыркы санын берди.

 

Алар бүгүнтөн тарта өлкөдөн мажбурлап чыгарылып, кайра кирүүгө тыюу салынат. Министрлик быйылкы жылдын январь-сентябрь айларында Кыргызстандын 98 миң 670 жараны “тобокел тизмесинен” чыгарылганын кабарлады.

 

Анын ичинен 14 миң 584ү Россиядан чыкпай эле документтерин тууралап алышса, 84 миң 86 адам өлкөдөн  чыгып кеткенине байланыштуу реестрден чыгарылган. Андан тышкары дагы 84 миң кыргыз жараны “кара тизмеге” илинип калган. Алар эми бул өлкөгө киргизилбейт.