Россияда тик учактын ордун баса турган аэромобиль чыгарылат

Россияда тик учактын ордун баса турган аэромобиль чыгарылат.

«Циклокар» аталышындагы унаа 600 килограммды көтөрүүгө ылайыкталып,

ичине алты адамды батыра алат. Долбоорду Илимдер академиясынын

Сибирдеги бөлүмүнүн Теплофизиктер институту ишке ашырат. Техниканын

узун-туурасы 6 метрден турат жана саатына 250 чакырымга чейин ылдамдыкта жүрө алат.

Ал эми тыным албастан 500 чакырымга чейин жетсе болот. Аэромобилдин тик учактан

өзгөчөлүгү, ал имараттардын четине токтоп ичиндеги адамдарды түшүрө алат.