Россияда жүргөн кыргызстандыктар 10-сентябрга чейин макамын жөнгө салышы керек.
Тышкы иштер министрлигинен эскертишкендей, миграциялык мыйзам бузууларга байланыштуу көзөмөлдөөчү реестрге түшүп калгандар аймактык миграция бөлүмдөрүнө кайрылып, 10-сентябрга укуктук абалын мыйзамдаштырышы зарыл. Ведомство маалыматына ылайык, 2025-жылдын январына карата 376 миң 907 адам Россияда миграциялык каттоодо турат.



