Россиядагы кыргызстандык мигранттарга жумушка орношуу, милдеттүү медициналык камсыздандыруу жана легалдаштыруу боюнча жардам көрсөтүлөт. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти.
Ведомствонун Россиядагы өкүлчүлүгү мигранттарды колдоо, иш берүүчүлөр жана диаспоралар менен кызматташуу ишин күчөттү. Аталган өлкөнүн мыйзамдарындагы жаңы өзгөртүүлөргө ылайык, өлкөдө мыйзамсыз жүргөн чет элдик жарандарды легалдаштыруу мөөнөтү ушул жылдын 10-сентябрына чейин узартылган.



