Ушул айдын аягына чейин Россиядан 100 миң тонна күйүүчү май алынып келет. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев билдирди.
Ал Кыргызстанда айрым май куюучу жайларда АИ-92, АИ-95 жана дизел тартыш болуп жатканын ырастады.
Амангелдиев өлкөдө тартыштыкты болтурбоо үчүн Азербайжан, Түркмөнстан, Ирандан күйүүчү-майлоочу майды ташып келүү тууралуу сүйлөшүүлөр улантылып жатканын кошумчалап, Россия менен түзүлгөн келишим боюнча күйүүчү майдын биринчи партиялары август айынын аягына чейин келе баштайт, — деди.



