Россияга кирүү тууралуу эртелеп кабарлоо “Мамлекеттик кызматтар” электрондук порталы аркылуу жүргүзүлөт. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.
Андан түшүндүрүшкөндөй, аталган өлкөгө барууну пландап жаткан кыргызстандыктар “Госуслуги” онлайн-сервиси аркылуу арыз толтурушу керек. Арыз каралып, андан кийин Россия тарап анын аймагына кирүүгө уруксат берет. Эске салсак, аталган өлкөнүн миграциялык мыйзамына өзгөртүүлөр күчүнө кирип, Россияга кирген кыргызстандыктар 72 саат мурун “кирүү тууралуу кабарлоо” жөнөтүп, сапарынын максатын айтышы керек.
Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.



