«Рулда» аталышындагы рейд бир айга созулат

Кыргызстанда “Рулда” аталышындагы рейд жүрүүдө. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын маалымат кызматынын жетекчиси Байказы Айтикул уулу уулу билдиргендей, ал бир айга созулат.

 

“Анын алкагында жөө жүргүнчүлөргө да басым жасалып, аларга дагы түшүндүрүү, профилактикалык иштер жүрөт. Бул жерде максат айып пулдарды гана салуу эмес, айдоочулардын жоопкерчиликтерин жогорулатуу”.

 

Белгиленгендей, Кыргызстанда унаа кырсыктарынын 91 пайызы айдоочулардын күнөөсү менен болот.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.