Рысгүл Акимжанова айыл чарба министринин орун басары болду

Рысгүл Акимжанова Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин орун басары болуп дайындалды. Тиешелүү жарлыкка министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду.

 

Рысгүл Акимжанова айыл чарба багытында иш алып барган компаниянын негиздөөчүсү.

 

Ал 2025-жылы парламенттик шайлоого №19 шайлоо округунан талапкерлигин коюп, Жогорку Кеңешке өтпөй калган.