Сүлүктү шаарында өзгөчө муктаждыгы бар балдарды колдоого багытталган реабилитациялык борбор ачылды.
Муниципалитеттин маалыматына ылайык, борбордо логопед-дефектологдун кызматы, ABA-терапия, логомассаж, сенсордук интеграция, дарылоочу дене тарбиясы жана мектепке даярдоо боюнча кызматтар көрсөтүлөт.
Борбор 2 жаштан жогорку балдарды кабыл алат.


