Сүлүктү шаарындагы “Белес-Резорт” туристтик комплекси август айында пайдаланууга берилет

Сүлүктү шаарындагы “Белес-Резорт” туристтик комплекси август айында пайдаланууга берилет.

 

Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, долбоор Баткен облусун өнүктүрүү программасынын алкагында ишке ашууда. Ага республикалык бюджеттен 120 млн сом, жергиликтүү бюджеттен 4 млн сом бөлүнгөн. Комплекс 100–150 эс алуучуну кабыл алууга ылайыкталган.