Президент Садыр Жапаров блогерлерди салыктан бошоткон мыйзамга кол койду.
Ага ылайык, Салык кодексине өзгөртүүлөр киргизилип, IT чөйрөсүндө иштегендер, жасалма интеллектти, тиркемелерди иштеп чыккандар, блогерлер, чет өлкөлүк компаниялар үчүн аралыктан иштегендер, стартаперлер, кинофильмдерди, видео жана телеберүү программаларын тартуу менен алектенгендер беш жылга салык төлөөдөн бошотулду.



